10.05.2018 11:56

Ысык-Көлдөгү «Аврора» пансионатында уулангандардын жалпы саны 36га жетти

Ысык-Көлдөгү «Аврора» пансионатында уулангандардын жалпы саны 36га жетти

Ысык-Көлдөгү «Аврора» пансионатында уулангандардын саны 36га жетти. Бул туурасында April.kg порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. 

Анын айтымында, бардыгы болуп, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына 22 адам кайрылган. Ууланган 14 адам үйлөрүндө дарыланып жатышат. Дагы 14 адам ооруканада, алардын бири - кичине бала. Жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык. 

7 чет өлкөлүк спортсменди 8-майда ооруканадан чыгарышкан. 

Ысык-Көл облусуна Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин барат. Башкы санитардык врач "Аврора" пансионатындагы абалды жеринде текшерип, ошондой эле, пансионаттардын  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында конокторду кабыл алууга даярдыгын көрө келет. 

«Санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын жыйынтыктары азырынча белгисиз. 11-майда болжолдуу жыйынтык даяр болот», - деп билдирди маалымат катчы.

Эскерте кетсек, 7-майда саат 16:00 чамасында Чолпон-Ата шаардык ооруканасына "Аврора" пансионатынан уулангандар түшө баштаган. Алдын-ала алынган маалымат боюнча, санаторияда тамак-ашты даярдоо жана сактоо талаптары бузулган.